"Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлү 8 килограмм баңгизат менен кармалды

Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөтүлүп жаткан баңгизат колго түштү. Бул тууралуу 8-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Баңгизаттарды ташууга катыштыгы бар деп 7-августта саат 01:00 чамасында Бишкек шаарынын Туңгуч районунан 1971-жылы туулган “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкери Б.А. кармалган. Ага тиешелүү баштыкты текшерүүдө ичинен 7 килограмм 941 грамм баңгизаты табылган. Колго түшүрүлгөн баңгизаттар Орусияга жөнөтүлмөкчү болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан