Алмазбек Атамбаев салдырган "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынды

Алмазбек Атамбаев салдырган "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты боюнча Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон илимий өндүрүштүк фирма "Форум" ААКсына катталган. Мындан улам Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөө органдары мечитти курдурууга кеткен каражат кайдан алынганын иликтешүүдө деп жазылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан кийин колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан кийин анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, камактагы мөөнөтү 2019-жылдын 26-октябрына чейин узартылган.

Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо жаңы мечит ачылган. Ал жалпы аянты 2 гектардан ашык жер тилкесине салынып, 5 миң кишиге ылайыкташкан. Курулуш иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каржылоосунда жүргүзүлгөн. Мечитке Абдышүкүр Нарматов имам болгон.

"7-Апрель шейиттери" мечити камакка алындыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Dembele84
2019-09-03 11:55:35
Кайсы акчага курулган и кимдердин тиешеси бар экенин таап туруп аларга дагы кылмыш ишин козгоп,мечит иштей берсин как обычно!
+8
Erik2018
2019-09-03 11:55:40
Арам акчага мечит салып куноолорумду жууп кетирем деп туура эмес кылат Атамбаев
+5
Shabi
2019-09-03 11:56:40
Эми мечитти камака алабы жокпу айырмасы эмнеде.ал элге деп салынган да элдики да.Аны Атамбаев Бир куну бузуп алып кетпейт да,элде калат эл пайдаланат.эртеби кечби баарыбир мамлекеттин балансына отсо керек
+14
Jaznura
2019-09-03 11:57:19
Элдин акчасын уурдап, кудай жолуна деп сарптагандан откон жаман иш жок болсо керек
0
altyn-kumush
2019-09-03 12:03:38
Мечиттин каржы жана коррупция маселесин аны жаппай деле иликтесе болот. Көп каражат жумшалгандыгы белгилүү. Аны жалгыз АША кантип курдурмак эле. Тообасы үчүн салдырып берген сыңар.
-1
aza84
2019-09-03 12:26:32
Бул кылгандары туура эмес болуп калды
-5
Baatyr.ali
2019-09-03 12:33:36
Мечиттин атын өзгөртүп койгула ошол жетиштүүго
-5
Ernestinio
2019-09-03 12:56:40
мечит камака алынбайт, жабылбайт дагы. Ага канча каражат кеткендиги гана ревизияланат. Мечит иштей берет.
+3
katerina.li
2019-09-03 13:04:29
Жакында атамбаевдин итин да камашат. Биз барганда бизди карап ургон деп
-4
Samatalibei
2019-09-03 14:57:49
Мечитти жапканынар туура эмес болуптур!
Жаап эле ичиде туномок беленер! Эл жок убакта деле кирип каалаган материалды коруп эсептеп тактап койсонор болмок да! Ал элдин мечити элге туболуко берилген силер деле элсинер ойлонуп иш кылгылада!
0
AsiaBoy
2019-09-03 18:44:20
Samatalibei,тактап алып жазчы.Жабылбайт!!!Болгону мечит Атамбаевдики эмес деген сыяктуу эле
+2
Samatalibei
2019-09-03 21:56:03
Ал Тактап алып жаздым ал жер Атамбаевдин мечити эмес элдики Жабылуу жонундо даже соз болбош керек!
0
kamuke_72
2019-09-03 19:47:32
Энен искейлер эми мечит калдыбы жабалегинер?билаа церковь ачып койсо болмок экен.бир эки орус даттанса Путин аржагынарды айрымак.использованные ганддоны!
-3
Bektur2011
2019-09-03 19:54:00
Мечитке акчаны кайдан алган ошону иликтеп жатат. Туура кылат
+1
altyn7776
2019-09-03 19:57:04
Мечит жабылбайт. Ага табылган акча кайдан келгени изилденет. Арам акчага курулган болсо, жмне кыласынар аерге барып? Тилегинер орундалбайт арам жерде...
+4
Tolik777
2019-09-04 13:40:27
altyn7776,Кандайча арам жер? Кандайча орундалбайт? Мечит бул Алланын уйу, адамдар Аллага сыйынганы барат, жакшы тилек умут менен, таза дил менен барсан созсуз турдо кабыл болот, орундалат тилектер.
+1
Ernestinio
2019-09-04 09:13:43
арест койулбаган деп журот, такталган эмес маалымат болуп журбосун как всегда, супер инфо хватить людей вводить в заблуждение
+2
Erik2018
2019-09-04 09:51:37
Арам акчага мечит салып сыртын кооз кылып койсо ибадат кабыл болот бекен бул дагы озунчо суроо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан