Кыргызстанда 2012-жылы ымыркайларды таштап кетүү 2011-жылга караганда 2 пайызга азайган

Кыргызстанда 2012-жылы ымыркайларды таштап кетүү 2011-жылга салыштырмалуу 2 пайызга азайган. Бул жыйынтык ЮНИСЕФтин иликтөөсүндө белгилүү болгон. 2010-2011-жылдары балдардан баш тартууда ымыркайларды таштап 50-55 пайызды түзгөн. 2012-жылы бул көрсөткүч өзгөрүп, 48 пайыз болгон. Өлкө боюнча эң көп таштап кетүү Бишкекте катталган. “Ташталган балдардын чыныгы ата-энелерин издөө аябай оор. Процесс кечеңдеп, балдарды өз үй-бүлөсүнө кайтарууга мүмкүнчүлүк болбой калат”,- деп белгиленет ЮНИСЕФтин маалыматында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан