5-сентябрь күнү Дүйшөмбү шаарында 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан-Кыргыз беттеши орун алат.
Оюн Дүйшөмбү шаарынын Борбордук стадионунда өтөт. Тажикстан футбол федерациясы билдиргендей, оюнга болгон эң арзан билет 10 сомони (72 сом) жана эң кымбаты 100 сомонини (720 сом) түзөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.