"Клипмейкер менин жалкоо экенимди айтты" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Айпери Сыдыкова

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Айпери Сыдыкованын "Бакыт издери" чыгармасы кошулду.

"Менин калыптанып калган стилимден башкача болсун деп чыгарманын музыкасын "Eka Records" студиясы жазып берген. Музыканы 3 вариантта сунуштап, анын ичинен ушунусуна токтолгом. Чыгарманын сөзүн Кудрет Тайчабаров жазды. Клипти тартуу иштери май айына туш келип, жаан-чачынга байланыштуу улам жыла берди. Акырында клипке тартыла турган бийчилер чет өлкөгө кете турган болуп, шашылыш түрдө эле тартуу иштерин баштадык. Баарынан кызыгы мен бийди үйрөнгөн эмесмин. Ошол жерден эле 5-10 мүнөт даярданып, бийлеп кеттим. Клипмейкер аябай таң калып "сиздин колуңуздан баары келет экен, бирок жалкоо экенсиз" деген".

28-АВГУСТТАН 4-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы композициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Асел Кадырбекованын "Телефон" чыгармасы камсыздады.

8-орун - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" аталышындагы клибине буюрду.

7-орунга - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" клиби жайгашты.

6-орунду - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасы ээледи.

5-орунду - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклиби багындырды.

4-орунда - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" видеокомпозициясы жайгашты.

3-орун - Нурмат Садыровдун "Келчи" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы камсыздады.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Назми менен Куралбек Чокоевдин "Бул ким?" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан