Бишкекте халал азык-түлүктөр жарманкеси өтүүдө

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 8-августта Орозо айт майрамына карата халал азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтүүдө. Жарманкеге эт, сүт, суусундуктар, колбасалар, кургатылган жемиштер,  ар түрдүү медициналык каражаттар коюлуптур. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, муфтияттын өкүлү Мыктыбек Арстанбек бул жердеги товарлар халал сертификатынын талаптарына жооп берерин айтты. "Алгачкы жолу уюштурулуп жаткан жарманкеге 30дан ашуун ишканалар катышууда. Бул товарлардын халал экенин тастыктоочу сертификатты КМДБнын халал комитети берет. Иш-чаранын негизги максаты - кайсы фирмалардын тамактары адал экенин элге көрсөтүү",- деди ал.

Биринчи жолу халал азык-түлүктөр жарманкеси болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан