UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен болгон тиреши бүтө электигин айтты. Бул тууралуу ал Дастин Порье менен беттеш алдындагы маалымат жыйында билдирди.
"Конор Макгрегор менен болгон окуя бүтө элек. Макгрегорду эле утуп коюу жетиштүү эмес, анын бүт командасын жеңишибиз керек. Мен беттеш алдында командама дал ушинтип айткам. Аларга беттешке эмес, согушка кетип бара жатабыз деп айткам. Бул бүтпөйт. Макгрегор менен кайсы жерде жолугуп калбайын аны менен мушташып кетем. Анын кесепетинен кимибиз түрмөгө түшүп каларыбыз маанилүү эмес. Конор жана анын командасы ооруканага, биз полицияга барабыз", - деди Хабиб.
7-сентябрда Абу-Даби шаарында Хабиб Нурмагомедов - Дастин Порье беттеши орун алат.