Швейцариялык жазуучу, саякатчы тууралуу тасма Кыргыз өлкөсүндө тартылат

Швейцариялык саякатчы, изилдөөчү, сүрөтчү жана жазуучу Элла Майяр тууралуу тасма Кыргыз өлкөсүндө тартылат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев тасманын продюсери менен болгон жолугушуусунда айтылганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Продюсер Кыргыз өлкөсүндө тасма тартуу иштерин 2020-жылдын жай мезгилинде баштоону пландап жатканын билдирген. Тартуу иштери башталганга чейин продюсер Кыргыз республикасына келип, мамлекеттик структуралар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетет. Тасма жаратуучулардын айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн колдоосу менен ишке ашып, кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Элла Майяр 1907-жылы Женевада төрөлгөн. 1930-жылы Советтер Союзуна кирген өлкөлөргө саякаттап келген. Ал Кыргыз жергесине дагы келип, бир нече убакыт жашап кеткен. Саякатынын соңунда Элла Майяр Борбордук Азияга баргандыгы тууралуу китеп жазган.

Саякатчы 1997-жылы март айында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан