30-август күнү саат 12:30 чамасында Сокулук районунда кичи автобус 2 жашар кызды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында 2 жаштагы Тумар Курманова аттуу наристе башынан жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.
“Кичи автобус келип кызымды уруп кетиптир. Баламдын айтымында, сүзгөн айдоочу унаадан түшүп келип, жерде жаткан кызымды колуна алып, баламдын колуна карматыптыр да, андан ары унаасын айдап кетип калыптыр”, - дейт жабырлануучу кыздын апасы. Ал эми экинчи тараптын жообу карама-каршы.
Окуянын чоо-жайын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№879, 5-сентябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.