Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Тажикстан менен ойнойт. Оюн 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун, 2023-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Тажикстандын Футбол федерациясы менен сүйлөшүп, оюнду түз алып берүүгө макулдашышкан. Футболдук беттеш КТРК Sport каналында түз алып көрсөтүлөт.
Оюн Дүйшөмбү шаарынын Борбордук стадионунда өтөт.