Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Валентина Шевченко ага чакырык таштаган Генри Сехудо менен Абу-Даби шаарында жолугушту.
Эки спортчу жолугуп, тамашалуу беттеш өткөргөнүн чагылдырган видео интернет желелерине тарады. Тамашалуу беттеште Валентина Шевченко жеңүүчү болгон.
7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтөт. Башкы беттеш орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порьенин ортосунда болот.
Аталган турнирге конок катары уюмдун чемпиондору Генри Сехудо менен Валентина Шевченко чакырылган.