2013-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жардам сурап 75 600дөй адам кайрылган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 8054 адамга аз. Алардын 36 319у жумуш издеп кайрылган болсо, 39 279 адам адистерден юридикалык кеп-кеңеш алган.