Өзгөчө стили менен айырмаланган белгилүү америкалык хип-хоп аткаруучу, актриса Ники Минаж сахнадан кетти. Ал чыгармачылык карьерасын жыйынтыктаганын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Мен чыгармачылыктан кетип, убактымды үй-бүлөмө арнайын деп чечтим. Чыныгы күйөрмандарым мени менен өмүрүнүн аягына чейин болушун суранам", - деген ал. Бул билдирүүдөн кийин айрым күйөрмандары ага ийгилик кааласа, көпчүлүгү ырчынын чыгармачылыктан кеткенине кайгырып жаткан пикирлерин калтырышкан.
Ники Минаж жалпысынан 4 альбом жаздырууга жетишкен. Анын акыркы альбому 2018-жылы чыккан. Ал эми бешинчи альбому жакында чыгары күтүлүүдө. Мындан тышкары, ырчынын 7 чыгармасы бир эле мезгилде дүйнөлүк чартта хит ырлардын катарынан орун алган.
Рэп аткаруучу "Грэмми" сыйлыгынын 10 номинациясынын ээси. Ал 1982-жылы Тринидад жана Тобаго Республикасында төрөлгөн.