Бишкекте 22 жаштагы кыз жоголду. Туугандары аны ала качып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Биринчи Май РИИБине арыз менен А.Б. аттуу жаран кайрылган. Арызда аталган күнү саат 20:00 чамасында Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндөгү үйдөн анын карындашын уурдап кетишкен. Тактап айтканда, аны үй-бүлө куруу максатында ала качып кетиши мүмкүн экени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адамды никеге тургузуу максатында уурдоо" беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө деп билдирет басма сөз кызматынан.