7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү БАЭнин Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтөт. Анда эң башкы беттеште Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье кез келет.
Беттеш алдында эки спортчу орто салмак категориясынын салмагына (70,3 килограмм) туура келиши керек эле. 6-сентябрда эки мушкер беттеш алдында таразага түшүштү.
Хабиб салмакка туура келүүсү үчүн таразага жылаңач түшүүгө мажбур болду. 3 күн мурун орусиялык мушкердин салмагы 76 килограмм эле, бүгүнкү күндөгү салмагы орто салмак категориясына туура келди.
Анын атаандашы Дастин Порьенин салмагы да 70 килограммдан ашкан жок.