Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Унааларга ыңгайсыздык жаратууда (видео)

Бүгүн, 6-сентябрда Өтмөк ашуусунда кар калың жаап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатат. Транспорт жана жолдор министрлиги жеринде жолду тазалоо үчүн атайын жол техникалары тартылганын билдирди.

Ал жердеги окуя менен жеринен таанышкан биздин адистер бар. Алар кар жаап, жолдор тайгак болгонун кабарлашты. Жолду тазалоо үчүн атайын жол тазалаган техникалар тартылган. Азыр күз келип калганына байланыштуу тоолуу аймактарда кар жаайт. Ошондуктан айдоочулар узак жолго чыгарда жайкы дөңгөлөк эмес, кышкы дөңгөлөк менен чыгышы керек. Учурда дагы ашууда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочулар жолун улай албай, ыңгайсыздыкка тушугушууда. Учурда Ош-Бишкек жолу ачык”, - деди Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2019-09-06 21:26:18
Кардын жааганы бир чети жакшы болуптур,аңыраңдабай жайыраак айдап калышаар.
+4
bazar
2019-09-07 13:20:50
Азыркы бийлик эмне кылып отурат. Ушуларды карабайбы...
0
bazar
2019-09-07 13:21:26
Атамбаевтин учурунда сентябрьда кар жааган эмес
0
Muratmipa
2019-09-07 13:33:05
bazar,жеенбеков виноват э карды путин акасига заказ берди да э
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан