Бүгүн, 8-августта Баткен шаарындагы борбордук мечитте 2000ден ашуун адамдын катышуусу менен Айт намазы өттү. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти. Анда мусулмандарга куттуктоолор айтылды.