Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев волейбол боюнча улуттук курама команда менен жолугуп, аларды аймактык Азия чемпиондугунун жеңиши менен куттуктады.
Өкмөттүн басма сөзү билдиргендей, команда акчалай сыйлык менен сыйланды. Улуттук курама командага 300 миң сом жана Волейбол федерациясына 100 миң сом берилди.
Кыргыз улуттук курама командасы Непалда өткөн чемпиондукта бир дагы партияны уттурган эмес.