Бишкектин Келечек жаңы конушунда болгон жол кырсыгынан 7 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 7-августта саат 17:10дор чамасында Келечек көчөсүндө болгон. ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 32 жаштагы М.У. 7 жашар баланы сүзүп кеткен. Жаш бала окуя болгон жерден көз жумган. Учурда айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.