Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында табып, сыныкчы катары таанылган Надя аттуу кемпирди өлтүрүп кетишкен. Бул маалыматты SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген кошунасы ырастады. Анын айтымында, окуя 7-сентябрда эртең мененки саат 4төр чамасында болгон.
"Эл уктап жатканда орус кемпирдин небереси "чоң энем күйүп жатат" деп кошуналарына кабар берген. Алар чуркап келип күйүп жаткан кемпирге суу чачып, тиешелүү жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин алар "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Көмкөрөсүнөн жаткан кемпирди оодарышканда кекиртегинен бычак чыккан. Сыныкчы эмне себептен өлтүрүлгөнү белгисиз", - дейт ал.