7-августта саат 19:30 чамасында Нарындагы Кочкор районунун Чолпон айылында Митсубиси Пажеро унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып кырсыкка учурады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктан 3 адам жабыркады, алар: 1990-жылы туулган Мисте Ва Анту, 1974-жылы туулган Мисте Джо Юн аттуу кытай жарандары жана 1991-жылы туулган Манас Чымбердиев аттуу котормочу. Окуя болгон жерге Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарды “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.