28-беттеште 28-жеңиш. Хабиб UFCнин абсолюттук чемпиону аталды (фото, видео)

7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье БАЭнин Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында кез келди. Хабиб учурдагы жеңил салмактагы чемпион, ал эми Порье убактылуу чемпион эле.

Беттештин 3-раундунда Хабиб Порьенин муунтуу ыкмасынан бошонуп чыгып, кайра өзүн муунтууга жетишти. Жыйынтыгында Порье жеңилгенин билдирди. Орусиялык мушкер 28-беттешинде 28-жеңишине ээ болуп, жеңил салмактагы UFCнин абсолюттук чемпиону аталды.

Бул беттеш UFC 242 турниринин алкагындагы эң мыкты беттеш аталды.

Хабиб Порьени жеңип алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Altyn.bala
2019-09-08 09:32:49
Эн мыкты беттеш Барбоза менен Фелдердики болду го дейм.
+1
Dembele84
2019-09-08 09:37:43
Эми Фергюсон менен мушташын кутом,ошол бойду копчулугу кутуп жатса керек
+12
toktor89
2019-09-08 15:15:55
Алга хабиб.
Диндеш бир тууганым
+4
KAYRATBEK
2019-09-08 23:37:28
Хабибти жаман коргондор унчукпай жургуло. Себебин озунор тушундунор. Хабибди мин жамандасанар да Хабиб баары бир Хабиб.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан