"80 жылдык юбилейиме келген элди көрүп, ушундай сый-урматка жетип калдымбы деп ойлодум" дейт Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейи өттү. Иш-чара актрисанын туулуп, өскөн жери Ысык-Көлдүн Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында болду.

Юбилейге коомдук жана саясий ишмер Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, аким жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, кесиптештери, айыл тургундары келишкен.

Салтанаттуу иш-чара тууралуу Жамал Сейдакматова SUPER.KG`ге буларды айтып берди.

"Ысык-Көлдүк туугандарым, күйөрмандарым 80 жашымды салтанаттуу түрдө өткөрүүнү демилгелеп чыгышыптыр. Аны облустук, райондук администрация, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, иш-чара 8-сентябрда өттү. Мааракеге бир топ адамдар келишти. Чындыгында мен анча киши топтолот деп күткөн эмесмин. Аларды көрүп ушунча сый-урматка жетип калдымбы деп ойлодум.

Бишкектен ырчылар, төкмө акындар келишип, концерттик иш-чара болду. Спортчулар дагы катышып, ар кандай мелдештер орун алды. Иштеген ишиңдин үзүрүн көрөт деген ушул экен, аябай ыраазы болдум.

Буюрса, 23-28-сентябрь аралыгында Ошто "Арт Ордо" деген эл аралык фестиваль болот. Ага бир нече мамлекеттин театр кызматкерлери катышат. Бул фестиваль дагы менин 80 жылдык юбилейиме арналып жатыптыр. Демек бул иш-чара мага болгон чоң сый-урмат. Ал эми октябрдын экинчи он күндүгүндө Бишкек шаарында юбилейлик иш-чара өтөт. Ага борбор калаадагы жогорку жайлардын студенттери, кесиптештерим, күйөрмандарым катыша алышат. Мындан тышкары мен роль жараткан тасма көрсөтүлөт. Мен барына ыраазымын", - деди Сейдакматова.

Жамал Сейдакматова 1938-жылы 21-сентябрда төрөлгөн.

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакмтова 80 жашта
Жамал Сейдакматова 80 жылдык юбилейинде бийледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lui
2019-09-10 15:03:26
Аман болуңуз, көп жашаңыз. Мен үчун күтүүсүз болду жаш курагыңыз... 80 де деп ойлогон эмес элем. Кыргыз элинин сыймыгы, таланты болуп көп өмур сүрүңүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан