Депутат "Кумтөр" маселеси боюнча комиссия түзүп, элге маалымат берүүнү сунуштады

Депутат Абылкайыр Узакбаев “Кумтөр” маселеси боюнча комиссия түзүп, элге маалымат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Маалымат каражаттарында “Кумтөргө” берилген жер боюнча талкуу болуп жатат. Ушул маалыматтар боюнча комиссия түзүү керек. Маалымат жактан элден артта калып жатыбыз. Илгери жетекчилер элге маалымат беришсе, азыр биз элден угуп жатабыз”, - дейт Узакбаев.

Депутат Нурбек Алимбеков координациялык кеңеш учурунда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бул маселени ушул жумада карай турганын айтты. Ал эки комитет бир маселени биргеликте караса боло турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан