"Терминатор" , "Чарлинин периштелери", "Джокер"... Көпчүлүк күтүп жаткан ушул күздө чыга турган тасмалар

"Джокер" 3-октябрь
Аталган тасма Артур Флек аттуу куудул тууралуу баяндайт. Тасманын автору Тодд Филлипс. Артур өзүнүн оорукчан апасы менен бирге турат, ал баласына дайыма күлүп жүрүүнү үйрөтөт. Адамдарга дайыма жылмаюу тартуулап келген Артур адамдардын ач көздүгү, кара өзгөйлүгү менен кездешет. Мындан улам, ал бул дүйнө анын маскарапоздун жылмаюусуна эмес, мыйыгынан күлгөн Джокерге татыктуу деп чечет. Башкы ролдордо Хоакин Феникс, Роберт Де Ниро, Зази Битц.

"Мистер Олимпия" 3-октябрь

"Жаман балдар" франшизасынын автору режиссёр Жордж Галло аталган тасманы тартуу үчүн белсинген. Тасма бодибилдингдин негиздөөчүлөрү ага-ини Вейдерлер тууралуу баяндайт. Аталган кишилер белгилүү Арнольд Шварценеггерди шоу-бизнестин туу чокусуна чыгарышкан. Тасмада чоң ийгиликке жетүү үчүн канчалык аракеттер керек экендиги көрсөтүлгөн. Башкы ролдордо - Стив Гуттенберг, Кевин Дюранд, Роберт Форстер. Шварценеггера австралиялык актёр Калум фон Могер ойногон.

"Нью-Йорктогу жамгырлуу күн" 10-октябрь

Вуди Ален бир эле окуяны кайра-кайра тарткандыгы үчүн аны көрүүчүлөр жакшы көрөт. Гэтсби - Нью-Йоркто туулуп-өскөн. Эшли - көпчүлүк биле бербеген Аризонадагы бир шаардан. Гэтсби эми Эшлиге чоң шаардын жашоосун,өзгөчөлүктөрүн көрсөткүсү келет. Бир күн жаштардын жашоосун түп тамыры менен өзгөртөт. Сүйүү көп бурчтугу аларды кайсыл жакка алып барат аны тасмадан көрөбүз. Башкы ролдордо - Тимоти Шаламе, Эль Фэннинг, Селена Гомес.

"Малефисента: Түндөгү ханыша" 17-октябрь

"Текст" 17-октябрь

Дмитрий Глуховскийдин бестселлерин экранга чыгарууну Клим Шипенко колго алган. 27 жаштагы Илья Горюнов паракор полиция кызматкери Пётрдын айынан абакка түшүп калат. Түрмөдөн чыккан соң эркиндикте калган ал үчүн кымбат болгон нерселер жок экенин түшүнөт. Бирок Ильянын колуна Пётрдын телофону түшүп калат да, ал убактылуу анын жашоосу менен жашай баштайт. Башкы ролдордо - Александр Петров, Кристина Асмус, Иван Янковский .

"Зомбилэнд: Кайталап атуу" 24-октябрь

10 жыл мурун жарык көргөн "Зомбиленд" тасмасынын автору Рубен Флейшер анын уландысын тартты. Жаңы бөлүктө жаңы каармандардын пайда болуусу көрүүчулөрдүн назарын өзүнө бурушат. Башкы ролдордо - Жесси Айзенберг, Вуди Харрельсон, Эмма Стоун.

"Терминатор: Каргашалуу тагдырлар" 31-октябрь

Жеймс Кэмерондун эмгегинин көгүлтүр экрандарга кайтып келгени ага көптөгөн ийгиликтерди алып келди көрүнөт. Бирок режиссёрлук милдетти бул ирет Тим Миллер аткарган. Аталган тасма "Терминатор 2" тасмасынын уландысы болуп эсептелет. Башкы ролдордо - Арнольд Шварценеггер, Линда Хэмилтон, Эвард Фёрлонг жана Маккензи Дэвис.

"Чарлинин периштелери" 14-ноябрь

Сырдуу Чарли башкарган "Таунсенд" агенттиги дүйнө жүзү боюнча өзүнүн агенттиктерин ачкан. Эми дүйнөнүн ар бир бурчунда Чарлинин периштелери бар. Алар өзүлөрүнүн кардарларынын бейпилдигин, коопсуздугун сакташат. Башкы ролдордо - Кристен Стюарт, Наоми Скотт, Элла Балинска.

"Лев Яшин. Менин кыялымдагы дарбазачы" 21-ноябрда

Өзүнүн мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Кара чаян, Кара осьминог атка конгон Лев Яшин тууралуу тасманы көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү күтүп жаткандыгы талашсыз. Тасмада 50-60-жылдагы окуялар тартылган. СССРдин курама командасы жеңиш артынан жеңишке ээ болот. Мунун бардыгына себепкер кара түстөгү, боорунда "Д" деген тамга басылган формасын чечпеген Яшин. Башкы ролдордо: Александр Фокин, Юлия Хлынина, Алексей Гуськов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
LunaSun
2019-09-13 15:48:50
Кутом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан