UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени жеңип, наамын коргоп калган. Бул менен кошо мушкерди дагы бир кубанычтуу кабар күтүп, ал үчүнчү жолу ата болуу алдында турат. Бул тууралуу анын атасы Абдулманап Нурмагомедов чет элдик маалымат булактарына интервью берип жаткан учурда айтты.
"Хабибтин эки баласы бар. Учурда үчүнчүсүн күтүп жатат" деген мушкердин атасы.
Хабиб Нурмагомедовдун үй-бүлөсү тууралуу коомчулукта көп маалымат ачыкталган эмес.
Түгөйлөрдүн 2013-жылы баш кошкону белгилүү. Той учурунда дагы Нурмагомедовдун келинчегинин жүзү эч кимге көрүнгөн эмес.