Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча түзүлгөн өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссиянын 7-августтагы жыйынында жол картасы талкууланды. Анда жол картадагы айрым кемчиликтерден улам аны 15-августка чейин кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Бажы Биримдигине азыр Орусия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрү мүчө. 2012-жылдын январынан тарта уюмга мүчө 3 мамлекет түзгөн Жалпы экономикалык мейкиндикте акча, жумушчулар, түрдүү тейлөөлөр жана товарлар эркин алмаша баштаган. Бул өлкөлөр 2015-жылга Европа Биримдиги сыяктуу Евразия экономикалык биримдигин түзүүнү максат кылууда. Ал эми Кыргызстан бул уюмга 2014-жылдын аягына чейин кошулууну көздөөдө.