Кыргыз футболчулары бир жумада экинчи жолу Тажикстанга жеңилди

Каракол шаарында футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Үмүт Кубогу-2019 мелдеши өтүүдө. Бүгүн, 9-сентябрда тайпалык 2-турдук оюндар жыйынтыкталды. Анда кыргыз футболчулары тажик оюнчулары менен кез келди.

Оюндун жүрүшүндө коноктор эсепти ачканга жетишти, бирок 2-таймда кыргыз футболчулары эсепти 1:1 кылышкан. Оюндун соңку мүнөтүндө Тажикстан экинчи голун киргизип, жеңишти камсыздашты.

Экинчи оюнда Өзбекстан Непалды 2:0 эсебинде жеңип алган.

Эске салсак, тайпалык оюндардын 1-турунда кыргыз футболчулары Непалга 2:8 менен жеңилсе, Өзбекстан Тажикстанды 12:0 эсебинде жеңген.

3-турдук оюндарда үй ээлери Өзбекстан менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kuba-savai87
2019-09-09 22:09:42
Озбекстан кучтуу кетип атыптыр анда
+2
rysik79
2019-09-09 22:14:01
Озбектер баягы эле озбектер
-1
Eden-Hazard
2019-09-09 23:57:01
Кыргызга улак болсо болду
+1
Dembele84
2019-09-10 06:54:22
Кок бору деп журо бербей,дуйно эли ойногон спорттун турлорун да онуктуруш керек.Олимпиада же Дуйно чемпиондугунда кимге болеть этишти билбей айла жоктон орустарга болеть этип журобуз.
0
Dembele84
2019-09-10 07:02:22
Дайыма эле Дордой-Алай же Ынтымак-Достук деп тундук туштук болуп айтышып отурбайт элек.Кышкы спорт оюндарын да кучотуп,дуйнолук денгээлге чыгып бир муштум болуп,чогуу колдосок ошондо биримдик болот.Футбол деле ойноп жарытпайт биздикилер,башка толгон токой спорттун турлору турат,онуктуруу керек!!!
0
elchi84
2019-09-10 08:33:17
Бул кыздар озу мурун футбол ойногонбу?
0
Mamiev
2019-09-10 13:18:08
Чыкпай эле койгулачы катышып жеңилип уят болгончо катышпай уят болгон жакшы. Женилди эле дегенди угасын тем более тажик өзбектер мактанып эле калышат аларга табылбай эле турат
0
Tolik777
2019-09-10 13:43:17
Уй саадырса ушуларга, кичине пайдасы тиймек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан