1 жарым миллионго чукул дизлайк. Тиматинин Москвага арнаган клиби элдин нааразычылыгын жаратты

Орусиялык белгилүү рэпер Тимати "Москва" аталышындагы клибин интернеттен өчүрөт.

Буга жалпы элдин нааразычылыгы себеп болгон. Тагыраагы, интернет колдонуучулар чыгарма бийликке жагынуу иретинде же акча үчүн жазылган деген пикирлерин калтырышкан. Рэпер айтылып жаткан пикирлерге төмөндөгүдөй жооп калтырган.

"Мынча сандагы адамдардын кыжырына тийүү үчүн дагы аракет кылыш керек. Бирок кыжырга тийейин деген эмесмин. Резонанстуу пикирлер дайыма негатив аркылуу кабыл алынарын түшүнөм. Чыгарма үчүн мага акча берген эмес жана жеке ишкерлигимди сактап калайын деген жокмун. Азыр бийликти тилдөө мода болуп калды. Бирок менин өзүмдүн пикирим бар.

Ооба, бийликте жаман адамдар дагы бар. Бирок баары окшош эмес. Мен мэрди сыйлайм, мен шаарымдын гүлдөп жатканын көрүп жатам. Митингге чыккандардын жарымы акча алышат, аларга ким демөөрчү болуп жатканы белгилүү. Бийликтин алмашуусу эч нерсени өзгөртпөйт. Себеби жаңы келген кызматкерлер деле өзүнүн жакындарын жооптуу кызматка дайындайт. Мындан чыгуунун жолу - өзүңдүн үстүңдөн иштөө. Митингге чыккандын ордуна иштеш керек", - деген ал. Ошондой эле рэпер бул клиби менен эч кимди капа кылгысы келбей турганын, Москва анын сүйүктүү шаары экенин билдирген. Мындан улам ал клипти интернет түйүнүнөн өчүрүү чечимин кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган чыгарма Гуф каймана аты менен таанылган рэпер Алексей Долматов менен чогуу аткарылган. Коомчулук тарабынан айтылып жаткан пикирлерге карата Гуф дагы өзүнүн жообун калтырган.

"Чыгарма менен клип 2 күндө даярдалган. Эч кандай мамлекеттик буюртма, акча дагы болгон эмес. Болгону бийиктиктен тартылган видео менен шаарыбызды куттуктап коюу ниетибиз болгон".

"Москва" аталышындагы клип интернетке 7-сенятбрда жүктөлүп, 5 жарым миллиондон ашуун кароо (10-сентябрга карата алынган сан) топтогон. Бирок клипке 2 күндүн ичинде 85 миң "жакты" белгиси, 1 жарым миллионго чукул дизлайк басылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан