Өлкөдө Комуз күнү белгиленди (фото)

Кечээ, 9-сентябрда алгачкы жолу Комуз күнү белгиленди. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты.

Иш-чарада өлкөнүн президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9-сентябрь - Комуз күнү катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтылды.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сөз болду. Ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып, куттуктоолор айтылды.

Комуз күнүнүн алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан