Кытайлык "Alibaba Group" интернет компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма төрагалык кызматынан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Жек Ма кызматынан 10-сентябрда, тактап айтканда өзүнүн 55 жылдык мааракесинде кетти. Анын ордуна компаниянын башкы директору Дэниел Чжан дайындалды. Жек Ма отставкага кеткендигине карабастан, компаниядагы негизги фигура бойдон калат. Жек Ма Alibaba'дан кете тургандыгы тууралуу алгач 2018-жылдын сентябрь айында билдиргендиги маалым болгон. Өз сөзүндө ал кызматын тапшыргандан кийин билим тармагында кайрымдуулук долбоорлор менен алектенүүгө ниеттенип жаткандыгын айткан.
Мурдагы англис тили мугалими Жек Ма Alibaba'ны 1999-жылы негиздеген. Бүгүнкү күндө бул компания 460 миллиард доллар кирешеси бар Кытайдагы эң ири компаниялардын бири. Мындан сырткары, компания "AliExpress" соода аянтына ээлик кылат. "Bloomberg" басылмасы Жек Манын кирешесин 41 миллиард 8 миллион доллар деп баалаган. Ошондой эле Жек Ма Азиядагы бай адамдардын тизмесинде экинчи сапта турат.