Бүгүн, 10-сентябрда Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. Алгачкы күнү кыргыз мушкерлеринен Эркин Адылбек уулу рингге чыгат.
Рио-2016 Олимпиадасынын катышуучусу 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашат. Ал 1/32 финалда ирландиялык Кейн Такер менен кез келет.
Кыргыз спортчуларынан бул мелдешке жалпы 6 мушкер катышат.