Катар-2022: Тажикстан Монголияны жеңип, тайпанын сап башына чыкты

Бүгүн, 10-сентябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 2-турдук оюндары башталды. Анда F тайпасында Кыргыз өлкөсүнүн атаандаштары Монголия менен Тажикстан кез келди.

Оюн Улан-Батор шаарында өтүп, үй ээлери атаандашына бир катар кыйынчылыктарды жаратышты. Тажик футболчулары 81-мүнөттө гана эсепти ача алышты. Эки мүнөт өтпөй тажик футболчусу кызыл айып кагазын алып калды. Калган мүнөттөрдү Монголия чабуулда өткөргөнү менен эсепти теңей албай калышты.

Тажикстан катары менен экинчи жеңишке ээ болуп, тайпада 6 упай топтошту. Эске салсак, 5-сентябрда алар Дүйшөмбү шаарында Кыргыз футболчуларын жеңип алышкан. Азыркы учурда Тажикстан тайпанын сап башына чыкты.

10-сентябрда тайпада Мьянма менен Япония ойнойт. Кыргыз футболчулары бул күнү оюн өткөрүшпөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан