Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутатына ок аткандар табыла элек

Ысык-Көл ОИИБинин билдиришинче, өткөн аптада Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошевага кол салгандар табыла элек. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон, учурда иликтөө жүрүп жатат. Эскерте кетсек, Бостери айылдык кеңешинин депутаты, КСДП партиясынын мүчөсү Чынаркүл Молдошеваны белгисиз адамдар 2-августтан 3үнө караган түнү атып кетишкен. Мурдуна ок тийген депутат учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде жатат, абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан