Караколдо өтүп жаткан кыздар арасындагы футбол боюнча эл аралык мелдештин тайпалык оюндары бүгүн, 10-сентябрда жыйынтыкталды. Анда 3-турдук оюндарда Кыргыз - Өзбекстан жана Непал - Тажикстан беттештери орун алды.
Кыргыз футболчулары өзбектерге 0:9 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Непал Тажикстанды 1:0 эсебинде жеңип алды.
Жыйынтыгында Өзбекстан тайпадан биринчи орунду камсыздап, финалда тайпада 2-орунду алган Непал менен ойнойт. Коло байге үчүн Кыргыз футболчулары Тажикстан менен кез келет.
Буга чейин тайпалык оюнда Кыргыз футболчулары тажиктерге 1:2 эсебинде жеңилген.