Cөз эркиндиги катуу чектелген алдыңкы он өлкө аталды

Дүйнө жүзү боюнча сөз эркиндиги катуу чектелген алдыңкы он мамлекеттин аты жарыяланды. Бул тизме Журналистти коргоо комитетинин докладында айтылды.

Тизме өлкөдөгү журналисттердин артынан болгон аңдуу, алардын камалуусу жана интернет, социалдык баракчаларга болгон чектөөлөрдүн негизинде жасалган. Тизменин сап башында Африканын Эритрея мамлекети орун алган.

Сөз эркиндиги катуу чектөөгө алынган он өлкөнүн тизмесине Түндүк Корея, Түркмөнстан, Сауд Арабия, Кытай, Вьетнам, Иран, Экваториалдык Гвинея, Беларусь жана Куба мамлекеттери кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2019-09-10 22:54:39
Кыргызстаным кирбесин эч качан.
+8
Aidar.001
2019-09-11 01:47:57
Беларусияны жон эле кыпчып коюшкан го
0
akmanai
2019-09-11 03:23:17
Кыргызстанда соз эркиндигине катуу чектоо койбосо да, социалдык тармактардагы зыяндан башка пайдасы жок видео, роликтерди, ушака толгон беруулорду, аны менен жаткан элем анан муну менен жаткан элем деген тарбияны буза турган темаларды козомолдосо жакшы болмок. Кээде комментарийлерди окуп ушунча начар адамдар копбу деп тан калам.
+11
Ali-han
2019-09-11 03:42:48
Таджикистанды койуш керек северный кореядан кийин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан