2020-жылы эл каттоо мобилдик тиркеме аркылуу өтөт

2020-жылы эл жана турак жай фондусун каттоо электрондук форматта өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Улуттук статистика комитети тарабынан мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты. Бул тиркеме 2019-жылы эл жана турак жай фондун пилоттук каттоодо тестирленип, жыйынтыгы жакшы болгон.Ушуга байланыштуу, 2020-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү эл жана турак жай фондун толук масштабда каттоону каттоочулардын мобилдүү телефондорун пайдалануу аркылуу мобилдүү тиркеменин жардамы менен 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-09-11 10:57:21
Сонун жаңылык экен. Эми мекендештерибиз саат бою кезекте турбай эле каттодон өтө алат экен да. Мындай практикалар алдыңкы өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келет. Биздин өлкөдө да мындай системалардын ишке кириши өлкөбүздүн жетишкендиги болуп саналат.
0
bond
2019-09-11 11:32:00
altyn-kumush,каерде көрдүң эл каттоодо кезеке турганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан