6-7-сентябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн Азия Кубогунда киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.
Спортчулар Махмудов Айдын, Асылбек уулу Арсланбек жана Каныметов Нурмухаммед алтын медалга ээ болушса, Благодарова Валентина, Алисултанова Диана, Орозбек уулу Шамиль күмүш медаль тагынышкан. Ал эми Шерматов Баэль коло медалдын ээси болгон.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргыз, Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана Орусиянын спортчулары катышкан.