Apple компаниясы жаңы моделдеги телефондорду көрсөттү. Иш-чара Калифорния штатындагы Купертино шаарында болуп, анда iPhone 11, iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max деген 3 телефондорунун айырмачылыктары жана артыкчылыктары айтылды. Жаңы моделдеги смартфондор ушул жылдын 20-сентябрында сатыкка чыгат.
iPhone 11 - 12 мегапикселдүү эки камерага ээ. Бул телефонго караңгыда жарык берүүчү "Night Mode" режими киргизилет. Мындан тышкары, бул аппарат оптикалуу кош зумдуу объектив менен жабдылат.
Камералардын бири жазы бурчтуу келип, бир секунд ичинде 60 кадрды камтыган видеолорду тарта алат. Ал эми фронталдуу камера жайлатылган режимде видео тартуу мүмкүнчүлүгү менен толукталат.
Ошондой эле бул телефон диагоналы 6,1 дюймдук Liquid Retina дисплейи менен капталат. iPhone 11 менен иштөө iPhone XR`ге салыштырмалуу 1 саатка узагыраак болот. Жакынкы арада сатыкка чыга турган телефон 6 түстө болуп, смартфондун баасы АКШда 699 долларды түзөт.
iPhone 11 Pro - телеобъективи бар үч камерасы менен айырмаланат. Бул смартфон iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max деген эки серияда чыгып, 4 түстө сунушталат. Аппараттар бири-биринен көлөмү менен айырмаланат, тагыраак айтканда, iPhone 11 Pro`нун экранынын диагоналы 5,8 iPhone 11 Pro Max`тын экранынын диагоналы 6,5 дюйм. Бул моделдеги смартфондор Super Retina XDR жаңы дисплейи менен капталат.
Жаңы моделде чыккан телефондордун ички түзүлүштөрүнө дагы өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, смартфондор тез ылдамдыктагы A13 процессору менен жабдылат. Мындай процессор бир секунд аралыгында триллиондон ашуун операцияларды ишке ашыра алат.
iPhone 11 Pro iPhone XS`ке салыштырмалуу 4 саатка чейин, ал эми iPhone 11 Pro Max iPhone XS Max`ка салыштырмалуу 5 саат ашык иштейт.
iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max`тын баалары 999-1099 долларды түзөт.