Бүгүн,11-сентябрда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында окуучуларга жол эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, 2019-2020 жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу, жол кыймылынын кызматкерлери бардык метептердин астында жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча ачык сабактарды өткөрүүдө.
Иш-чарада кызматкерлер окуучуларды жолдон өтүүсүнө жардам беришип, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайлардагы жол чырактар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле бардык кызматкерлерден мектепте кызмат өтөө учурунда, профессионалдуулук, сылык, жогорку маданияттуулукта иш алып баруу талап кылынат.