Назарбаевдин ролун ойногон актёр Казак парламентинин депутаты болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ролун ойноп популярдуулукту багындырган актёр Нурлан Алимжанов Казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилистин депутаты болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Биздин катарды дагы бир депутат толуктады. Нурлан Алимжанов депутат катары катталып, партияда көрсөтүлгөн тизме менен кызматка келди”, - деди палатанын төрагасы Нурлан Нигматулин пленардык жыйын учурунда.

Алимжанов ант берип, коомдук-маданий өнүгүүнүн курамына кирди. Ал учурда 35 жашта. Актёр буга чейин көбүнчө экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ролун ойноп тасмаларга тартылып келген.

Президенттин партиясы "Нур Отан" деп аталып, партияда Алимжанов буга чейин мүчө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2019-09-11 21:23:30
Окшошот экен
+2
Altyn.bala
2019-09-11 21:31:06
сокени ким туурайт?чон кызматка отурасынар туурасанар.
+4
FCB14
2019-09-12 12:09:21
Altyn.bala,анда Ошингтондогу Алмаз сразу президент болотго
0
33SUUN
2019-09-11 23:07:00
Казакстандагы мындай окуялар эми боло берет.Тундук кореянын жашоосуна окшошуп бара жатат.
+4
batleybesh
2019-09-12 03:05:15
33SUUN,коруп койдунбу, за то онугуп атат сылап атат президентин
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан