20-сентябрда Apple компаниясы расмий түрдө жаңы моделдеги iPhone 11, iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max телефондорун сатыкка чыгарат. Бул телефондор сатыкка чыга элек жатып дүйнөнү дүрбөлөңгө салды.
Орусиянын жарыя чыгарган эки эң ири тейлөө сайттарында iPhone 11 үчүн кезекке туруу кызматтары чыга баштады. Алсак, Москвада кезек күтүү 400 миң рублга бааланууда.
"iPhone'дун жаңы моделдери сатыкка чыгат деген күндөн тарта кезек күтүү кызматы тууралуу жарыялар чыга баштады. Бул кызмат 80 миң рублдан 400 миң рублга чейин жетүүдө. Кезек күткөндөр сатыкка 3 күн калганда эле ордуларын алып баштоого даяр", - деп жазат орус басылмалары.
iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max`тын баалары 999-1099 долларды түзөт.