Ушул тапта Орусиянын Екатеринбург шааарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Бул мелдешке 6 кыргыз мушкери күч сынашууда.
10-сентябрда 81 килограммга чейинки салмакта 1/32 финалда Эркин Адылбек уулу ирландиялык мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңишке ээ болду.
57 килограмм салмакта 1/32 финалда Мунарбек Сейитбек уулу беларусь мушкери Николай шах менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгында кыргыз мушкери жеңүүчү аталды.
Рингге дагы Арген Кадырбек уулу, Абдурахман Абдурахманов, Азат Усеналиев жана Өмүрбек Бекжигит уулу чыгышат.