Улуу Британияда чет элдик студенттер дипломун алгандан кийин жумуш издөө үчүн эки жыл өлкөдө кала алышат. Башкача айтканда, окуу бүткөндөн кийин эки жыл жумуш визасы ачылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул чечимди 2012-жылы ошол кездеги тышкы иштер министри Тереза Мэй жокко чыгарган. Бирок мындан улам өлкөдөгү университеттердеги чет элдик студенттердин саны кескин азайган. Британиянын учурдагы премьер-министри Борис Жонсон чет элдик студенттер өздөрүнүн жакшы жагынан көрсөтүп, өлкөдө жумуш карьераларын баштоого мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.
Жаңы эреже бакалавриатта окуп баштаган же окуп жаткан студенттерге кийинки жылдан баштап күчүнө кирет. Эки жылдык виза бүткөндөн кийин, узак мөөнөттүү жумуш визасына арыз бере алышат.