16-21-сентябрь аралыгында Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары болот. Аталган иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болбой турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Анда Улуттук көчмөндөр оюндары дароо эле спорттук мелдештер менен башталат. Ага ылайык, 16-сентябрда спорттук оюндар болуп, 19-сентябрда маданий иш-чаралар орун алат. Анда этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинин аймагында өтөт.
Ал эми оюндардын спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот. Айрым спорттук оюндардын финалдык бөлүгү 21-сентябрда орун алат. Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып жаткан күнү жабылыш аземи болот.