15 миллион доллар жумшады. Ксения Собчак менен Константин Богомолов үлпөт тоюна 300 киши чакырды

Орусиялык радио жана тележурналист, алып баруучу, коомдук ишмер, саясатта да өзүн сынап келе жаткан Ксения Собчак менен режиссёр Константин Богомолов үлпөт тоюна 300 кишиге чакыруу таратты.

Чакыруу алгандардын катарында Фёдор Бондарчук, Паулина Андреева, Константин Эрнст, Рената Литвинова, ырчы Земфира жана башка белгилүүлөр, түгөйлөрдүн жакындары бар. Ал эми тойдогу тамадалык милдетти актёр Игорь Верник аркалайт.
Колукту үлпөт көйнөктү израилдик модельер Галия Лахавдын эмгектеринен тандаган. Собчак тандаган көйнөктүн баасы 7500 доллардан 15 миң долларга чейин жетет. Бирок колукту көйнөктү жарнамалоо аркылуу акысыз алат.
Буга чейин Ксения Собчак менен Константин Богомоловдун үлпөт тою Москвадагы "Петровкий пассаж" соода комплексинде 13-сентябрда өтөрү маалымдалган. Мындай иш-чараны өткөрүүгө 15 миллион доллар каражат сарпталганы айтылды.
Бир нече күн мурда түгөйлөрдүн баш кошуусуна журналисттин кош бойлуулугу себеп болгон деген кептер тарап, бирок Собчак мындай божомолдорду четке какты.
Ксения Собчак биринчи жолдошу Максим Виторган менен ажырашканын март айында ачыкка чыгарган. Ал эми Богомолов аялы Дарья Мороз менен 2018-жылы сентябрь айында ажырашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Romantik.
2019-09-12 12:13:30
Буларың деле ажырашатда
+2
cyrus
2019-09-12 18:46:53
Ушул кыз куйоого тийип тойбоду эч эле
+4
Migrant-rf
2019-09-13 00:50:45
Бул жөн эле пиарда, 100 миң долларга да жетпеген эле акча кетсе керек!!
+1
Take_men
2019-09-13 06:58:28
300 адам келсе аз экен бизде ар бир үчүнчү тойдо 400 дөн кем болбойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан