Биз социалдык тармакта

Чүйдө өмүр бою эркинен ажыратылган жаранга жакындары капустанын ичине телефон салып кирүүгө аракет кылган

Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта телефонду капустанын ичине катып алып кирүүгө аракет кылган окуя катталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, телефонду өмүр бою эркинен ажыратылган О.Н. аттуу кылмышкердин жакындары алып кирген. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абакка тыюу салынган нерселерди алып келген жарандар жоопко тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2019-09-12 13:23:31
Супер инфо эмне эле тантырап создорду туура эмес жазып калгансынар. Мурда жакшы эле болчу. Азыркы журналистеринер сапатсыз окшойтко. Бир кундо 2,3 макаланардан каталарды корууго болот. Порталга чыгарардан мурун озунорда окуп койсонор бай болгурлар...
+6
Migrant-rf
2019-09-13 00:49:16
"Өлгөндүн үстүнө көмгөн" болуп эми буларды да жоопко тартып, тигинсинин жанына камап салбаса эле. Акылы жоктор десе, түрмөгө кирип баратканда жанагындай чыйкылдап үнү чыга турган аппараттар менен текшерет элего, кандай ойлонбодуңар экен көк мээлер десе!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан