Депутат Мирлан Бакиров малды камсыздандыруу механизмин киргизүүнү карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жыл сайын бул маселе көтөрүлөт. Жайлоочулар аба шартына байланыштуу зыянга учурап жатат. Айыл чарба багытындагы малды камсыздандыруу механизмин киргизүүнү карап көрүү керек. Жарандардан миллиондогон каражаттары зыянга учурап жаткандар бар. Жайлоочуларга аба ырайынын өзгөрүлүшү боюнча маалымат жеткен эмес. Канчалаган малдар өлүп жатат", - дейт Бакиров.