Чүй облусунун Жайыл районунда 5 миллион сом жана алтын зер буюмдарды уурдаган деген шек менен 2 жаран кармалды. Мындан тышкары бул кылмыш ишине катыштыгы бар делинген шектүүлөр аныкталды. Учурда сотко чейинки ачылган кылмыш иши улантылып жатканын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-апрелинде Жайыл РИИБине 60 жаштагы Бөксө-Жол айылынын Ш.Ш. аттуу тургуну кайрылган. Арыздануучу эртең менен саат 09:00дөн 18:00гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнө кирип темир сейфин уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Сейфтин ичинде 5 миллион 140 миң сом жана 12 миң долларды түзгөн алтын зер буюмдар, үйүнүн документтери болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында, 2 суткадан кийин темир сейф Аламүдүн району тараптан табылган. Иликтөө иштери улантылып, милиция кызматкерлери "Коопсуз шаар" долбоорунун жардамы менен шектүүлөрдүн айдап жүргөн унаасын аныкташкан. Тергөө амалдары улантылып шектүү катары Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы А.Ч. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалган. Экинчи шектүү Бостери айылынан сентябрда кармалды. Ал 34 жаштагы А.А. аттуу тургун экени аныкталганы жазылат маалыматта.