Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Кямран Аббасов Азиянын UFC уюму аталган - One FC уюмунда чемпиондук үчүн беттеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Аббасовдун каршылашы учурдагы жеңил орто салмактагы чемпион швециялык Себастьян Кадестам болот. Беттеш Индонезиянын Жакарта шаарында 25-октябрда өтөт.
Аббасов One FC уюмунда 3 беттеш өткөрүп, экөөндө жеңишке жетишкен. Кадестам 2018-жылы ноябрда чемпион аталган.